Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 31 кишиден аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, ооруну жуктургандардын эң көбү Нур-Султан шаарында. Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 436 962 адам вирусту жуктурган.