Акыркы суткада дагы 1401 кишиден коронавирус аныкталды.
Ал эми 710 бейтап айыкты. COVID-19ду жуктургандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталган. Ушуну менен өлкө боюнча аталган ооруга кабылгандардын жалпы саны 130 633кө жетти, 112 644 бейтап айыккан. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан ажал тапкан адамдардын саны 2037ге жетти. Анын ичинен 10 адам акыркы суткада каза болгон. Азыркы тапта 4 001 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. 1 151 кишинин абалы оор болсо, 169 бейтаптын саламаттыгы өтө оор деп бааланууда.