Коронавируска каршы эмдөө уланууда
Новость

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 837 адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 120 миң 344 адам эмдөөдөн өтсө, анын 80 миң 839у экинчи дозасын алгандар. 

Эскерте кетсек, өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Вакцинаны алгандар арасында анын кыйыр таасири катталган жок.