Бир сутка ичинде республика боюнча 38 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди. Ошондой эле акыркы бир күндө стационардан 6, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылды.
Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 жуктуруп алган 5 миң 543 медициналык кызматкер катталса, алардын ичинен 4 миң 943ү айыгып чыккан.