Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанда эпидемиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөө максатында чектөө чараларын киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Штаб минстрлик жана ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүлсүн деген сунушун берди. Ошондой эле уюмдар жана ведомстволор эпидемияга каршы режимди сактоону катуу көзөмөлдөп, дезинфекция иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруусу зарыл.
Министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине келгендерди жана кызматкерлердин кирүүсүн чектөө, бардык жолугушууларды онлайн режиминде өткөрүү сунушталат.
“Эпидемиялык абал жакшырганга чейин бардык кызматкерлер маданий иш-чараларга, коомдук тамактануу жайларына, кафе, ресторандарга, көңүл ачуу борборлоруна, базарларга, ири соода борборлоруна, кинотеатрларга, музейлерге барбасын. Министрлик жана ведомстволордун бардык кызматкерлери жакын арада COVID-19га каршы вакцина алсын”,- деп айтылат маалыматта.