Коронавирус дагы 10 кишинин өмүрүн алды
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирус дагы 1 485 адамдан аныкталып, 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 923, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 109, Талас облусунда – 22, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылды. 

Ал эми бир суткада 571 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 691 бейтап, амбулатордук түрдө 9 815 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 51 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.