Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус дагы 1 392 адамдан аныкталып, 9 бейтап тумоодон көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 803, Ош шаарында – 78, Чүй облусунда – 197, Ош облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 97, Баткен облусунда – 83 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 353 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 55 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 337 бейтаптын абалы орто оордукта, 100 3 адамдын абалы оор жана 188 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 46 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 126 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 698 киши айыгып чыкса, 2 миң 9 адам каза болду.