Өлкөдө күндөн күнгө коронавирусту жуктургандардын саны өсүп, эпидемиологиялык абал курч. Акыркы бир күндө эле коронавирусту 2 миңге чукул адам жуктуруп алды. Илдет аныкталгандардын 1 миң 490у же 76 пайызы эле Бишкек шаарынын тургундары. Буга карабай той-топурлардын тыйылбай массалык түрдө өтүшү, санитардык эрежелердин көңүл сыртында калышы дарыгерлерди тынчсыздандырууда.
Борбордогу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына күнүнө коронавирус менен 40-50 бейтаптан жаткырылууда. Алардын арасында бир жашка чейинки наристеден 90 жашка чейинки жарандар бар. Дарыгерлердин айтымында, илдетке чалдыккан балдардын көбү үйүндөгү чоң адамдардан жуктуруп алышкан.
Өлкөдө, айрыкча Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Вирус жуктургандарын саны күн сайын өсүүдө. Алсак, акыркы бир күндө эле өлкө боюнча 1 миң 965 адам инфекцияны жуктуруп алган. Бул Кыргызстанда былтыр коронавирус катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 миңге жетти. Акыркы бир түндө вирус дагы 8 адамдын өмүрүн алып кетти.