Кыргызстанда 30-июнга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 112 миң 289 жаран алды
Новость

Кыргызстанда 30-июнга карата COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 112 миң 289 жаран алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, өткөн суткада 3 миң 198 адам вакцинанын биринчи дозасын, 612си экинчи дозаны алышты. “Республика боюнча 112 миң 289 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 78 миң 2 жаран вакцинанын экинчи дозасын сайдырды”, - деп айтылат маалыматта.