Бишкектеги №2 төрөт үйү коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдарды гана кабыл алат
Новость www

Бишкектеги №2 төрөт үйү коронавирус жана пневмонияга чалдыккан кош бойлуу аялдарды гана кабыл алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, мекеме 26-июндан тарта карантиндик тартипте иштөөгө өтүп, бейтаптар үчүн жалпы 70 орун даярдалган. 

Аталган төрөт үйүнө катталып, бирок коронавирус илдетине чалдыкпаган аялдар баш калаадагы башка жайларга бөлүштүрүлдү. Мындай режим абал жакшырганга чейин уланат.