Коронавируска каршы эмдөө уланууда
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 4 миң 64 адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 109 703 адам эмдөөдөн өтсө, анын 77 миң 390у экинчи дозасын алгандар. Эскерте кетсек, өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Вакцинаны алгандар арасында анын кыйыр таасири катталган жок.