Акыркы бир күндө өлкөдө коронавирус дагы 1 миң 92 адамдан аныкталып, 10 бейтап көз жумду. Вирус жуктургандардын 602си эле Бишкек шаарында катталды.
Ал эми Ош шаарында – 60, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 47, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 70 адамдан илдет табылды. Ошондой эле бир суткада 558 адам илдеттен сакайды.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 209 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 248 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 123 миң 38 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 109 миң 511 киши айыгып чыкса, 1 992 адам каза болду.