POST1RIGHT"Көп түкүрсө көл болот”- дегендей кыргыз эли чоң салтанаттарды бир түндүктөй бириге калып өткөрүп келет.
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө дагы демөөрчүлүк кылуу ниеттерин билдиргендердин саны арбын. Алардын арасында ар тараптуу колдоо көрсөткөндөрү да бар.
Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлүк кылуу ниетин жетимиштен ашык компания билдирген. Өлкө намысы үчүн демөөрчүлөр кол-буттан алып колдоо көрсөтүүдө. Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы учурда демөөрчүлөрдүн ар бири менен тыгыз байланышта иш алып барып жатат.