Кыргызстанда коронавирус дагы 1 081 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирус дагы 1 миң 81 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 640, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 58, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 63 адамдан илдет табылды. 

Бүгүнкү күндө стационарларда вирустан 3123 бейтап, амбулатордук түрдө 6 813 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 024 бейтаптын абалы орто оор, 926 адамдын абалы оор жана 128 бейтап өтө оор абалда жатат. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.