Улукбек Марипов жубайы менен бирге COVID-19га каршы вакцина алды
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге COVID-19га каршы вакцина алды. 

Ал пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, башка жарандарды дагы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы медицина кызматкерлерине пандемияга каршы күрөшүүгө кошуп жаткан маанилүү салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.