Коронавируска каршы эмдөө уланууда
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 3 миң 406 адам алды. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 104 миң 616 адам эмдөөдөн өтсө, анын 76 миң 215и экинчи дозасын алгандар. Эскерте кетсек, өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Вакцинаны алгандан кийин терс таасир берген учурлар катталган жок.