Өлкөдө коронавирус дагы 892 адамдан аныкталды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашкандай, анын дээрлик теңи Бишкекте. Ош шаарында - 55, Чүй облусунда - 143, Ош облусунда - 81, Таласта - 7, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 110, Баткенде - 61 адамдан илдет табылган. Ушуну менен пандемия башталгандан бери 119 миң 873 адамга коронавирус жукту. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 811 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 108 адам дарыланууда.