Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдө август айынын аягында коронавирустун дельта түрү үстөмдүк кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Европа Биримдигинин санитардык департамент кызматтары билдирди.
Мындан улам, алар жаштар арасында эмдөөлөрдү күчөтүүгө чакырды. Португалия менен Германия өлкөлөрү бул илдетти алдын алуу үчүн даярдыктарды башташкан.
Европа август айынын аягында коронавирустун дельта түрү үстөмдүк кылышы мүмкүн деп даярдана баштады. Бул тууралуу Европа Биримдигинин санитардык департамент жетекчилери эскертти. Мындан улам, Европалык Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башчысы эмдөөлөрдү күчөтүүгө чакырды.
Португалия Европа Биримдигинин чакырыгынан мурун деле эмдөөнү тездеткен, анткени Лиссабондо оорунун өсүшү байкалган. Шаар дем алыш күндөрү жабык болот, ал эми университеттердин стадиондорунда эмдөө борборлору кайрадан ачылды. Уюштуруу иштери ал жактагы аскер кызматкерлерине жүктөлгөн. Туризмге көз каранды өлкө жайкы сезонду сактап калууга аракет кылып жатат.
Германиянын бийлиги туристтерди "дельта" түрүнүн жайылышы жогору болгон Улуу Британиядан карантиндик жол менен келүүгө үндөйт. Мындай билдирүү саякат индустриясынын пландарына каршы келет. Туризм кызматкерлери тескерисинче, эс алуу мезгилиндеги чектөөлөрдү жумшартууну талап кылышууда.