Акыркы бир суткада 875 адамдан коронавирус аныкталып, 6 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Бишкек шаарында - 395, Ош шаарында - 55, Чүй облусунда - 128, Ош облусунда - 109, Талас облусунда - 12, Нарын облусунда - 10, Ысык-Көл облусунда - 27, Жалал-Абад облусунда - 90, Баткен облусунда - 49 адамдан илдет табылган. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 702 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 862 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 981 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 391 киши айыгып чыкса, 1 миң 964 адам каза болду.