Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммдары таркап жатышы мүмкүн экендиги маалымдалды
Новость www

Кыргызстанда COVID-19дун индиялык жаңы түрү - «Дельта» штаммы таркап жатышы мүмкүн. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева маалымдады. 

Анын айтымында, индиялык штамм өлкөдө жазында эле табылган болчу. Май айында Новосибирсктеги институтка жөнөтүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгы жакын арада чыгат. Анын жыйынтыгы менен өлкөдө COVID-19дун кандай штаммдары бар экенин билсе болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму болсо, коронавирустун “Дельта” түрү дүйнөнүн 80 өлкөсүндө табылып, тездик менен жайылып жатканын билдирди. 

Бирок адистердин айтымында эң башкысы адам ооруга чалдыкканын байкаса дүрбөлөң түшпөй өзүн токтоо кармап, айыгуунун амалын көрүшү керек. Көп учурда сабырдуу мамиле оорудан тез сакайганга шарт түзөт дешет.