Бишкектеги коомдук транспортторду күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоо иштери жүрүүдө
Новость www

Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу мэрия коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөттү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосу менен Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоону улантууда. Күн сайын бир каттам аяктаган учурда автобустар менен троллейбустар ар тараптуу тазаланып, дезинфекцияланып жатат. 

Кармагычтар, отургуч туткалары, руль жана кире бериш эшиктер 1% хлорамин эритмеси менен тазаланууда. Айдоочулар дагы күн сайын кылдат медициналык текшерүүдөн өтүп турушат. Дене табы жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери байкалгандар, каттамга чыгарылбайт.