Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму биринчи жолу балдарды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө болорун билдирди.
Сунуштамада балдар жана өспүрүмдөр чоңдорго салыштырмалуу коронавирусту оңой жуктура тургандыгы айтылды. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму COVID-19га каршы вакцинанын балдарга таасири тууралуу мурда маалымат жетишсиз болгондуктан, аларды эмдөөдөн өткөрүүнү сунуштабай келген.