Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 822 адамдан аныкталды
Новость www

Өлкөдө 24-июнга карата коронавирус дагы 822 адамдан аныкталып, 5 киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Бишкек шаарында - 300, Ош шаарында - 70, Чүй облусунда - 207, Ош облусунда - 93, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 20, Жалал-Абад облусунда - 80, Баткен облусунда - 42 адамдан илдет табылган. 

Стационарларда коронавирустан 2 миң 604 бейтап, амбулатордук шартта 5 миң 626 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 118 миң 106 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 858 киши айыгып чыкса, 1 миң 958 адам каза болду.