Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуй баштады. Акыркы бир суткада коронавирус 931 кишиден аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларында катталды.
Коронавирус өлкө боюнча курчуп, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оорлоп жатат. Алсак, акыркы бир жумада эле 4 миң 800 адамдан коронавирус аныкталды. Бүгүн миңге жакын кишиден вирус катталып, 8 бейтап көз жумду.