Германияда Индиядан тараган коронавирустун дельта түрү жайылууда
Новость www

Германияда Индиядан тараган коронавирустун дельта түрү жайылууда. Бул ковиддин эң жугуштуу түрү деп эсептелет. Мындан улам, Германияда дарыгерлер жарандарды сак болууга чакырышууда. Бул өлкөдө жарандардын коронавирус илдетине каршы эмдөөлүсү ийгиликтүү жүрүп жатат.

Германияда дарыгерлер жана саясатчылар жарандарды пандемияны унутпагыла деп байма-бай эскертүүдө. Мурда индиялык штамм деп аталган коронавирус илдетинин дельта түрү өлкөдө жигердүү жайылууда. Бул коронавирустун эң жугуштуу вариацияларынын бири деп эсептелет. Адистердин айтымында, эртеби-кечпи Германияда ал үстөмдүк кылат.

Германияда жарандардын коронавирус илдетине каршы эмдөөлүсү ийгиликтүү жүрүп жатат, бирок азырынча жамааттык иммунитет жөнүндө айта албайбыз. Толук эмделген жарандар гана коронавируска каршы олуттуу коргоого ишене алышат.

30 пайыз Европа Биримдиги боюнча толугу менен эмделгендер үчүн орточо эсеп. Ушул себептен, Берлин Бельгияны, Грецияны, Швейцарияны жана Франциянын дээрлик бардык аймактарын "кызыл тизмеден" чыгарууну чечти.