Кыргызстанда COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн 55 стационарда 3 800 орун даярдалган, анын ичинен 1 423 орун бош турат. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
«Стационарларда дарыгерлер жана медайымдар жетиштүү. Кызыл зонада 380 дарыгер жана 624 медайым иштеп жатат. Стационарларда 4 183 концентратор жана 384 дем алдыруу аппараты бар», - деди Рахматуллаев.