Коронавирус дагы 931 адамдан табылып, 8 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус дагы 931 адамдан табылып, 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 435, Ош шаарында – 147, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 41 адамдан илдет табылды. 

Ал эми бир суткада вирустан 522 адам айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 436 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 173 адам дарыланууда. Алардын ичинен 93 бейтап өтө оор абалда, 708 киши оор абалда жатат.