Бишкек шаарындагы ооруканалар коронавирус жуктуруп кайрылган бейтаптарды ПЦР-тесттин оң жыйынтыгы жок эле кабыл алышат. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ооруканалар бейтаптардан сөзсүз ПЦР-тестти сурачу. Адис коронавирустун биринчи толкунуна салыштырмалуу азыр ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы тез эле оорлошуп кетип жатканын айтып, элди медиктер айткан талаптарды аткарууга чакырды.