Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Көз карандысыз эксперттер тобу ушундай тыянак чыгарышты.
Бул топ 2020-жылы Оксфорд университетинин окумуштуулары менен чогуу Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, июлда көптөгөн киши оорунун курмандыгы болорун божомолдошкон. Алардын божомолу тастыкталган. Алдын ала тыянакка ылайык, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал.
Оорунун жайылышын изилдеген көз карандысыз эксперттердин арасында "Сорос Кыргызстан" фондунун саламаттык сактоо боюнча координатору Айбек Мукамбетов, СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова сыяктуу адистер бар.