Өткөн суткада коронавирус 730 кишиден аныкталып, 344 бейтап айыкты.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жуктургандар: Бишкек – 312; Ош – 100; Чүй облусу – 74; Ош облусу – 74; Талас облусу – 13;
Нарын облусу – 2; Ысык-Көл облусу – 22; Жалал-Абад облусу – 68; Баткен облусу – 65 адам болду. Акыркы суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен төрт бейтап Бишкекте, бирөө Чүйдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда каза тапкан.
Өлкөдө жалпысынан 2 375 киши стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 709 бейтаптын абалы оор болсо, 99 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.