Ош шаарында шаардагы мечиттерди массалык түрдө дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, бул иш шаардагы 80 мечиттин баарында жүргүзүлөт. Учурда жума намазы окулган 41 мечитте жайларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
Жумушту санитарды көзөмөлдөө борборунун атайын адистери, дезинфекциялык станциянын жана казыяттын менен биргеликте жүргүзүшөт. Мечиттерди дезинфекциялоо жума сайын жума намазга чейин болот.