Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 152 орун бош
Новость www

Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 18-июнь саат 08:00гө карата 152 орундук бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Улуттук хирургия борборунда 2, 

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9, 

№2 төрөт үйүндө 6, 

№1 шаардык ооруканада 27, 

№6 шаардык ооруканада 3, 

Кардиология жана терапия улуттук борборунда 22, 

Чүй облустук бириктирилген ооруканада 11, 

Улуттук госпиталда 45, 

Онкология жана гематология улуттук борборунда 3, 

Республикалык наркология борборунда 24 орундук бош. 

Ал эми Фтизиатрия улуттук борборунда бош орундар жок.