Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус дагы 653 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 269, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 69, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган. "Ал эми бир суткада 372 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 206 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 946 адам дарыланууда. Алардын ичинен 618 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.