Кыргызстанга Россия өндүрүмүнө таандык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди. Бул тууралуу биздин каналга Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында ордо калаада 5 эмдөө пункту ачылып, 60 жаштан өйдө курактагылар менен өнөкөт оорусу бар жарандар эмделүүдө.
Белгилей кетсек, вакцина мамлекеттин эсебинен алынды. Ал коронавирус көбөйүп жаткан аймактарга жөнөтүлөт.