Өлкө аймагына коронавирус инфекциясы киришин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб - татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан ушул учурда өлкөнүн аймактарынан борборго, эл көп жашаган аймактарга каттаган жарандардын санын азайтууну сунуштады.
Атап айтканда, ал аймактар Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй жана Ош облустары.
Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырды. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармана турууну сунуштап жатат.