Кыргызстанда акыркы бир суткада 35 медициналык кызматкер коронавирус оорусуна чалдыкты. Бул акыркы айлардагы эң чоң көрсөткүч.
Былтыртадан бери жалпысынан COVID-19 менен 5 миң 004 медициналык кызматкер ооруп, алардын 4 миң 710у айыкты. 8-июнга карата расмий эсепте оору жуккан медкызматкерлердин 100дөн ашыгы каза болду.
Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн дарыгерлердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу токтом чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, оорудан көз жумгандарга 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.