Бүгүн, 17-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 787 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 тумоосу тастыкталды.
Бишкек шаарында – 368 адам,Ош облусунда – 96 адам, Ош шаарында – 97 адам, Чүй облусунда – 130 адам, Жалал-Абад облусунда – 38 адам, Баткен облусунда – 25 адам, Ысык-Көл облусунда – 20 адам, Нарын облусунда – 2 адам, Талас облусунда – 11 адам.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 112 миң 777 адамга коронавирус жуккан. Ал эми соңку суткада коронавирус жуктурган 4 бейтап көз жумду.