Коронавирус күчөп жатканына байланыштуу Бишкек шаарында рейддик текшерүүлөр күчөдү
Новость www

Күндөн-күнгө коронавирустан улам абал оорлоп жатканына байланыштуу Бишкек шаарында рейддик текшерүүлөр күчөдү. Баш калаадагы кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Баш калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева мындай чечим 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.

Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Эпидемологиялык кырдаалдын оорлошунан улам санитардык талаптар аткарылышын көзөмөлдөгөн мобилдик топтор байма-бай текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Рейддин жүрүшүндө компьютердик клубдун биринде мыйзам бузуу аныкталды.

Клубда кишинин саны көп болуп, алар беткап тагынбай, аралыкты сактабай жатканы үчүн мекемеге айып салынды. Протоколдун негизинде юридикалык жактар 13 миң сом, физикалык тарап 3 миң сом айып пул төлөйт. 

Күнүмдүк тиричилик оокаттары сатылган соода борбордо дагы кемчиликтер аныкталды. Бирок, айыпка жыгылган жок. Мобилдик топтун өкүлдөрү оору күчөп жаткан маалда эрежени так сактоону эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Айрым эл көп чогулган жайлар талапка баш ийип, ишин улантууда. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн. Алар дээрлик күн сайын текшерүүлөрдү уюштуруу менен алек.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева ар бир райондо калкты тейлеген ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, биринчи кезекте алгоритмди сактоо тууралуу айтылды. Баш ийбеген тараптарга катаал чара көрүлөт.

Жугуштуу илдет күн сайын көп каттала баштады. Калк жыш жайгашкан Бишкек жана Ош шаарлары “кызыл зонага” киргизилгенине карабай, көпчүлүк эрежелерди сактабай илдет кайра күчөп жатат.