Боом капчыгайындагы унаа жолду суу каптоо жана таш түшүү себептерин иликтөөгө ала турчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болуп жаткан табигый кырсыктарга байланышкан өкмөттүк жыйында белгилүү болду.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзгөчө кырдаалдар, Жол жана Транспорт жана Ички иштер министрлерине Боом капчыгайы аркылуу өтүп жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жана калкты алдын-ала ыкчам маалымдоо иштерин уюштуруу тапшырмасын берди.