Кыргызстанда коронавирус дагы 514 адамдан табылып, 6 бейтаптын өмүрүн алды
Новость

Кыргызстанда коронавирус дагы 514 адамдан табылып, 6 бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 234, Ош шаарында – 110, Чүй облусунда – 80, Ош облусунда – 34, Талас облусунда – 5,Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусуда – 14, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда – 17 адамдан илдет табылды. 

Бир суткада 367 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда стационарларда коронавирустан 2 миң 52 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 80 адам дарыланууда.