Жаандын жаашы түйшүк жаратты
Новость

POST1RIGHTБыйылкы жылдын жаанчыл болушу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир топ түйшүк жаратты. Бул тармак жыл башында бекемдөө, алдын алуу иштерине карата атайын иш-план бекитсе, улам жааган жамгыр кошумча жумуш жараткан. Тиешелүү адистер кырсыктардын коркунучун кыскартуу максатында иштеп жатат.

Тилек Балбанов жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыркаган көптөгөн адамдын бири. Анын короо-жайын 3 ай мурун Бурана капчыгайынан түшкөн суу каптап, үйүнө чейин кирип, тамы жараксыз абалда калган. Жабыркаган үй-бүлөгө айылдан турак-жай курууга башка жер берилип, жакында 200 миң сом каралган.
“Суу каптаганда үйдө болчубуз, суу көбөйүп үйгө чейин кирип кетти. Тозууга жетишпей калдык. Короо жайдагы өсүмдүктө, сарай баары суу астында калды.”
Чукул кырдаалдар кызматкерлери улам келип чыккан кырсыктын кесепетин жоюунун үстүндө алпурушууда. Өткөн аптада Баткен облусунда жаан селге айланып кошумча түйшүк алып келди. Жакында Боом капчыгайында топурак-таш кулап, жолду бууп калды. Ал кырсык адам өмүрүн алып кетти. Адистер келе жаткан аптада да аба-ырайы бузулат деп билдирди.