Кыргызстанда 14-июнга карата коронавирус 459 адамдан табылып, 9 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 178, Ош шаарында – 122, Чүй облусу – 3, Ош облусу – 46, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 64, Баткен облусу – 21 адамдан илдет табылды.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 41 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 949 адам дарыланууда. Алардын ичинен 582 адамдын абалы оор жана 96 бейтап өтө оор абалда жатат.