Бир суткада 619 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду
Новость

12-июнга карата коронавирус дагы 619 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 273, Ош шаарында - 110, Чүй облусу - 99, Ош облусу - 57, Талас облусу - 7, Нарын облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 22, Жалал-Абад облусу - 26, Баткен облусу - 20 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 296 адам илдеттен сакайып, 5 киши көз жумду. 

Бүгүнкү күнү стационарларда 1 миң 949 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 613 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 314 киши айыгып чыкса, 1 миң 881 адам каза болду.