11-июнга карата коронавирус дагы 526 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланды.
Бишкекте - 232, Ош шаарында - 101, Чүй облусунда - 43, Ош облусунда - 63, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 31, Баткен облусунда - 17 адамдан илдет табылган. Сутка ичинде 303 адам коронавирустан айыгып, 7 киши каза болду.
Стационарларда 1 миң 921 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 323 адам дарыланууда.