Бишкек шаарынын негизги 4 көчөсүндөгү көрнөк-жарнак такталары алынып жатат. Мэрия бул иш шаар көркөмүнө жана коопсуздукка байланыштуу жасалып жатканын билдирди. Бирок жарнама жаатындагы ишкерлер муниципалитеттин мындай кадамын сынга алып, такталардын заманбап түрүнө өтүү боюнча кеп сөзгө келбей жатканын айтышууда.
Мэрия көрнөк жарнак такталарын ала баштаганда эле бул тармактын ишкерлери бизнеске бөгөт койулуп жатканын айтып арызданышкан. Ошол маалда шаардык бийлик алар менен ийри отуруп, түз кеңешүүнү убада кылып, шаардын көркү үчүн жасалып жаткан иште биргелешүү керектигин билдирген.
POST1RIGHT Бирок андан бери жарытылуу сүйлөшүү болбогонун айткан ишкерлер, катары менен алынып жаткан такталардын оорду эмне болот деп түйшүк тартышууда.
Ишкерлердин мындай санаасы да жөн жерден эмес. Анткени бир тактаны курууга кеткен каражатты акташ үчүн бир эмес бир канча жыл убакыт керек дешет.
Жарнак такталарынын алынышы шаардык бюджетке да зыянын тийгизет. Болжол менен 40 млн сомго калаанын казынасы кемиши мүмкүн. Бирок каражат деп эле коопсуздук менен кооздукту унутта калтырбоо үчүн жаңы заманбап жолун табыш керек дешет мэриядагылар. Ал үчүн ишкерлердин сунуш берүүсүн шаардык мэрия күтүп жатат. Көрнөк жарнак такталарынын алынышы боюнча шаар тургундары ар кандай пикирде.
Мэрия учурда 64 көрнөк жарнак такталарын алып бүттү. Бирок алардын ордуна кандай заманбап конструкция койгулаары азырынча белгисиз. Ал ортодо чакан жана орто ишкерлик чөйрөсү жарнамаларын илүүгө орун талаша баштады. Анткени сыналгыдан жарнамасын берүүгө каражаты жетпеген майда барат дүкөндөр, өз товарын ушул тармак аркылуу элге жарыя кылчу.