Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында үч эм төрөлдү. Эң кызыгы үч эмдин энеси Элмира Сулайманкулова буга чейин да эки ирет эгиз төрөгөн. Наристелер 27-июлда Оштогу жеке төрөтканада жарыкка келген. 2 уул 1 бир кыздын абалы жакшы болгондуктан үйгө чыгарылды.
Бул үч эм 27-июль күнү төрөлгөн. Чүрпөлөрдүн ден-соолугу жакшы болгондуктан, дарыгерлер 6 күндүк көзөмөлдөн соң үйгө кетүүгө уруксат берген.
Элмира жолдошу Ниязбек менен 2009-жылы баш кошуп, ошол эле жылы, эгиз перзентүү болушкан. Андан кийин 2012-жылы дагы эгиз балалуу болуу бактысы жанган. Жалгыз энеге 3 эмди кароо оор. Андыктан азыр ал тууганынын бош үйүндө барып, балдарын багууда.
Үч эмдин атасы Ниязбек Туманов балдарын каралашуу үчүн өз жумушун убактылуу токтотуп турууга мажбур болду. Үч эм үчүн айылда шарт жок болгондуктан, шаарга көчүп келип кыштоону пландап жатат.
Ниязбек үй-бүлөдө кичүүсү болгондуктан ата-энесинин колунда жашайт. Алар жашап турган үй да жер титирөөдөн авариялык абалга кептелген.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118