Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучулары үчүн спорттук кийим 1 миллион сомдон ашуун каражатка тигилет. Буга байланыштуу тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар агенттигинин сайтына расмий жарыяланды. Тендерге катышууну каалагандардын сунушун кабыл алуу 4-август күнү аяктайт.
Жалпысынан 170 комплект спорттук кийимди бир миллион 42950 сомго тигүү пландалып жатат. Бул ирет сатып алуу келишимдик жол менен ишке ашат, анткени буга чейин жарыяланган сынактар келишим документтериндеги талаптарга туура келбей, жокко чыгарылып калган.