Көчмөндөр оюнун чет элдик ММКлар чагылдырат
Новость

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк журналисттерден арыздар түшүүдө. Учурда көчмөндөр оюнунун катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан каттоо жүрүүдө. POST1RIGHT

Маалыматтар боюнча, 57 өлкөдөн журналисттерди аккредитациялоо башталган. Мындан тышкары 46 жергиликтүү массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү да катталууда. 

Аккредитация 10-августка чейин улантылат. Ал эми бейджиктер 20сынан 25-августка чейин таратылат. Бул картасыз журналисттер оюнду чагылдыра албайт. 

Мындан тышкары оюнду уюштуруу катчылыгы журналисттерге керектүү шарттарды түзүп, атайын эрежелерди дагы киргизди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118