Euronews телеканалы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу проморолик көрсөтөт. Бул тууралуу журналисттерге Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Көчмөндөр оюну 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин көл жээгинде өткөрүлөт. Спорттун 26 түрүн камтыган саамалыкка 20 мамлекет катышары белгилүү болду.
“Дүйнө лидерлерине Кыргызстан өзүнүн эли жана бай тарыхы менен кызык. Жакында Euronews каналы Көчмөндөр оюну тууралуу роликтерди көрсөтөт. Менин оюмча, бу саам келе турган коноктор дагы көп болот”,- деди Президент Атамбаев.