Үстүбүздөгү жылдын 28-31-июль күндөрү өлкө боюнча катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү мүмкүндүгү күч экенин эскертет.